Биз менен байланышыңыз

Ош шаары: «Коопсуз шаар» долбоору белгиленген мөөнөтүнөн кечеңдөөдө

Коом , Кыска кабар | 1 Дек 2020 | 1246 | 0

«Коопсуз шаар» долбоорунун II этабынын алкагында 1-декабрдан тарта Ош шаарына камералар орнотулуп, ишке кирмек. Бул үчүн атайын тендер өткөрүлүп, жеңүүчүлөрү да аныкталган болчу. Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов тендерден уткан кытайлык компания видео көзөмөл аппараттарын, керектүү жабдууларды орното электигин, ошол себептүү долбоорду ишке ашыруу кечигип жатканын, жабдуулар келсе эле «Коопсуз шаар» Ошто да иштеп баштаарын билдирди.

Азимовдун берген маалыматына таянсак, шаардагы 35 жол кесилишине видеобайкоо жабдуулары орнотулмакчы. Ал үчүн калаа жетекчилиги камера коюла турган кесилиштерге интернет кабелдерин тартып келип, жол белгилерин, жол чырактарды орнотуу аракетин баштаган. Аны тендерден уткан жергиликтүү компаниялардын бири 10 миллион сомго бүтүрүүнү колго алып, азыркы учурда дээрлик 70 пайызы аяктады.

«Коопсуз шаар» долбоорунун дагы бир талабы Патрулдук милиция кызматын даярдоо болгон. Бул үчүн ички иштер тутумун реформалоо демилгеси мындан эки жыл мурда көтөрүлүп, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен Кайгуул-күзөт кызматы бириктирилип, Бишкекте Патрулдук милиция кызматы түзүлгөн.

Учурда Патрулдук милициянын ишин Ош шаарында да жандантуу аракеттери жүрүп, шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы 127 кызматкерди атайын окуудан өткөрүүдө. ЖККББнын маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Исаевдин айтымында, Ош шаарында Патрулдук милиция бир айга жетпеген убакытта өз ишин баштайт.

«Коопсуз шаар» долбоору ишке киргенден бери Бишкек шаарында жол кырсыгы менен жол эрежелерин бузган учурлар 70 пайызга азайганы байкалган.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 8-октябрында «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» компаниясы «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу боюнча келишимге кол койгон. Бирок пандемияга байланыштуу долбоор кечиктирилип келет. Долбоордун II этабынын алкагында өлкөнүн бардык аймактарындагы 306 пунктту аппараттык жана программалык комплекстер менен жабдуу мерчемделген.

Copyright © 2017 Maral FM