Биз менен байланышыңыз

Дегенбаев: Сын айтуу да ири инвестиция

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Дек 2020 | 724 | 0

Сын айтуу да чоң инвестиция. Мындай пикирин Ата мекендик өндүрүшчүлөр ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, сын өнүмдүн сапатын жогорулатууга шарт түзөт. Айтылган сындарга жараша товарды өзгөртүү пайда алып келет. Андыктан сынды туура кабыл алуу зарыл.

Анткени кардарлардын 20 %ы гана товарга сын айтат. Калган 80 %ы өндүрүүчүлөргө кардар болууну токтотот. Башкача айтканда, башка фирма же компанияны тандап кетет. Бул — эбегейсиз чоң жоготуу.

«Сынга жараша кардарларга керектүү товар чыгарсак өнүгүү болот. Биринчи «Форд» менен азыркы жаңыларын салыштырсак, асман менен жердей айырма бар. Өндүрүштө да эволюция жолу бар», — дейт Дегенбаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM