Биз менен байланышыңыз

«Өлкөдөгү өзгөрүүлөргө ишкерлердин кошкон салымы зор»

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Дек 2020 | 564 | 0

Ата мекендик өндүрүш экономиканын пайдубалын түзөт. Андыктан бул тармак өнүксө, мамлекетке да ийгилик алып келет. Бул тууралуу Ата мекендик өндүрүшчүлөр ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жарандар учурда ата мекендик өндүрүмдү сатып алууга артыкчылык беришет.

Президенттердин программасында да жергиликтүү өндүрүштү колдоо каралууда.

Дегенбаев Корея убагында жергиликтүү өндүрүштү колдогондуктан, учурда бардык тармак боюнча товарлары жакшы сатылып, өлкө экономикасын көтөрүп жатканын мисал келтирди.

«Өнүккөн өлкөлөр бизнести колдоо иретинде жеңилдиктерди берет. Бизде тилекке каршы андай болбой жатат. Акыркы жылдары өкмөт жеңилдетилген насыядан ары жылбай келет. Балким мыкты кадр, күчтүү эрк керектир. Бизнес күтпөйт. Айтор көйгөй көп, ошого карабастан жоктон жараткан өндүрүүчүлөргө рахмат айтам», — дейт Дегенбаев.

Ал өлкөдөгү позитивдүү өзгөрүүлөргө ишкерлердин кошкон салымы зор экенин белгилеп, аларга ыраазычылыгын айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM