Биз менен байланышыңыз

Жогорку сот Атамбаевге карата Батукаевдин иши боюнча чыккан чечимди кайра кароого жиберди

Кыска кабар | 30 Ноя 2020 | 593 | 0

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу иш сотто кайра каралат. Мындай чечимди Жогорку Сот кабыл алды.

Буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаттары Жогорку соттон төмөнкү инстанциядагы соттордун өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөтүүнү суранганы айтылган.

Учурда Жогорку сот алардын өтүнүчүн канааттандырып, Батукаев боюнча ишти кайра кароо үчүн райондук сотко жиберди.

Кримтөбөл Азиз Батукаев Кыргызстанда бир канча берене боюнча соттолуп, 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган болчу. 2013-жылы ал «айыккыс илдетке» кабылды деген негизде түрмөдөн чыгарылып, Орусияга учуп кеткен.

Батукаев түрмөдөн негизсиз бошотулган деген жүйө менен бул иш 2019-жылы кайрадан каралып баштаган. Анда ишке тиешеси бар делип бир канча чиновникке иш козголгон. Алардын катарында экс-президент Алмазбек Атамбаев да сот жообуна тартылып, ага 11 жыл абак жазасы белгиленген. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту кабыл алган.

 

Copyright © 2017 Maral FM