Кыргызстандагы университеттер жаңырган жылда ачылат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева Твиттердеги баракчасына жазды.
Ал эми Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев университеттер менен колледждерди ачууга алгоритм даяр экенин, жакында ачыларын Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кабарлаган.
2020-жылдын март айынын аягында коронавирустук инфекцияга байланыштуу өлкөдөгү ЖОЖдор жабылган.