Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Дарылардын баасын көзөмөлдөө өтө оор

Ден соолук , Жаңылык | 27 Ноя 2020 | 1210 | 0

Коронавируска чалдыккандардын саны кескин көбөйгөн учурда, тагыраагы, ушул жылдын июнь-июль айларында дары-дармек табылбай, болсо да баасы асманга чыгып кеткен. Өкмөт бул кырдаалдын кайра кайталанбашы үчүн аракет көрүп, фармкомпаниялар жана тиешелүү жактар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Азыркы учурда 3 айга жете турган дарынын запасы бар. А бирок алардын айрым түрлөрү дагы эле тартыш болууда. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева брифинг учурунда билдирди.

Ал эми баа боюнча так бир нерсе айтуу кыйын. Анткени Кыргызстанга дарылар сырттан импорттолгонуна байланыштуу наркын көзөмөлдөө оор иш.

Аталган маселеге байланыштуу Бишкек шаарындагы дарыканаларды кыдырып сурап көргөнүбүздө, дээрлик көпчүлүгү бүгүнкү күндө коронавирус илдетине керектүү дары-дармектердин баары бар экенин маалымдашты. Маселен, дарыканалардын биринде иштеген фармацевт Венера Асаналиева учурда тиешелүү дарылар жетиштүү экенин, баалар да ошол бойдон сакталып турганын айтып берди. Мунун себебин учурдагы абал жай мезгилине салыштырмалуу жеңил өтүп жатканы менен түшүндүрдү.

Ал эми Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун медициналык камсыздандыруу программаларын ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы Жипара Азизбекованын маалыматына таянып айтсак, аталган фонд ар он беш күн сайын аймактарга таратылган дарылардын санын жана анын канчасы коротулганын эсептеп турат. 16-ноябрга карата Саламаттыкты сактоо уюмдары дары-дармектерди алуу үчүн 235 миллион сом камдаган.

Маалым болгондой, коронавирус илдетин дарылоодо 92 позиция бар. Чоңдор үчүн дарылар жетиштүү санда камдалганы менен балдарды дарылоого керектелүүчү «Иммуноглобулин» таңкыс болууда.

Эскерте кетсек, 27-ноябрга карата COVID-19 илдетинин 377 жаңы учуру катталды. Ал эми бир сутка ичинде 402 адам айыкты. Илдеттен дагы беш бейтап каза тапты. Ушуну менен вирус жалпы 1256 адамдын өмүрүн алды.

Даярдаган: Айчолпон Мукашева

Copyright © 2017 Maral FM