Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы жаңы жылга корой турган акчаны жакырларга берет

Коом , Кыска кабар | 26 Ноя 2020 | 827 | 0

Эпидемиологиялык абалга байланыштуу быйыл Жаңы жыл майрамын өткөрүүгө тыюу салынды. Буга чейин өз нугунда белгиленип келген майрам бир катар өзгөрүүлөргө дуушар болууда.

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиеванын айтымында, корпоративдик кечелерде көп адам чогулуп, социалдык аралык сакталбагандыктан, сезондук сасык тумоону жугузуп алуу коркунучу бар. Муну менен катар, учурда санитардык эрежелердин бири да аткарылбай жатат. Мындан улам чектөө киргизүүгө аргасыз, бул айрыкча мамлекеттик ишканаларга тиешелүү.

Элвира Сурабалдиева 20-ноябрда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиковдун катышуусунда өткөн республикалык ыкчам штабдын жыйынында жергиликтүү жана мамлекеттик органдарга бул маселе боюнча катуу тапшырмалар берилгенин билдирди.

Бул чечимди мурдагы вице-премьер-министр Аида Исмаилова да колдойт. Бирок киргизилген чектөө бардык тараптарга бирдей болушу керек, себеби чектөөлөр кирип, бирок эл көп чогула турган жерлер жабылбаса, жыйынтык өзгөрбөйт деген пикирди карманат.

Исмаилова белгилегендей, азыркы эпидемиологиялык кырдаал учурунда эң негизгиси элдин массалык чогулуусун токтотуу маанилүү. Себеби оору күчөп турганына карабастан, тамактануучу жана башка көңүл ачуучу жайлар иштеп жатат. Мындан улам мурдагы вице-премьер-министр бул бир чети экономиканы колдоо үчүн туура болгону менен эң ириде эпидемиологиялык абалды да эске алуу керектигин айтат.

Бюджеттин тартыштыгына жана эпидемиологиялык абалга байланыштуу быйыл өлкө борборунда Жаңы жыл майрамына карата иш-чара уюштурулбасын, шаарды жасалгалоо да болбосун Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди. Болгону 10-декабрь күнү символикалык түрдө борбордук «Ала-Тоо» аянтына жупуну жасалгаланган балаты орнотулуп коюлат. Бишкек мэриясы үнөмдөлгөн каражатты майыптарга, жакыр үй-бүлөлөргө, ардагерлерге белек берүүгө жумшоо чечимин кабыл алган.

Белгилей кетсек, 2018-жылы Жаңы жыл майрамына даярдануу жана өткөрүү үчүн Бишкек шаарына 5 миллион сом бөлүнсө, 2019-жылы 6 миллион 800 миң сом бөлүнгөн.

Copyright © 2017 Maral FM