Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда СПИДге чалдыккандар 10 миңден ашты

Мединфо , Пикирлер | 26 Ноя 2020 | 768 | 0

Кыргызстанда СПИДге чалдыккандар көбөйдү. Бул тууралуу терапевт Гульнара Ажымалиева «Мединфо» программасына берген маегинде билдирди.

«Кыргызстанда СПИД менен ооругандар 10 миңден ашты. Былтыр 9 миңдей бейтап катталган. Алардын көбү — баңгизат колдонгондор. Андан сырткары, жаш балдар да бар. Бул катталгандардын гана саны. Катталбай жүргөндөр да болушу мүмкүн.

Акыркы убакта көңүлдүн баары коронавируска бурулуп, СПИДге каршы күрөшүү иш-чаралары жүргүзүлбөй калды. СПИД оорусу коронавирустан да коркунучтуу. Себеби, коронавируста симптомдор болсо, СПИД өз белгисин билгизбейт, дароо аныкталбайт. Бир гана анализ аркылуу билүүгө болот. СПИД башка оорулардын бет кабы менен жүрө берет».

Copyright © 2017 Maral FM