Биз менен байланышыңыз

1996-2020: СПИД оорусунан 2049 адам каза болду

Кыска кабар | 6 Фев 2020 | 668 | 0

2020-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда ВИЧ инфекциясы менен катталгандар 9 680 адамды түзгөн. Алардын 9 148и кыргызстандыктар болсо, 532си чет өлкөлүк жарандар. Алардын алты жүз сексени 14 жашка чейинки балдар. Өлкөдө СПИД оорусу катталгандан бери, 2 049 адам каза болгон. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Кошумчалай кетсек, ВИЧ инфекциясы 2018-жылда дүйнөнүн 1,7 миллион адамына жуккан. СПИД оорусун жугузган 770 миң адам каза болгон. Дүйнө жүзүндө ВИЧке чалдыккан 37,9 млн адам болсо, анын 1,7 миллиону балдар болуп саналат. Ооруга чалдыккандардын 79% эле өз оорусунан кабары бар.

ВИЧ илдети катталып баштагандан бери Орусияда аталган оорудан 318 миң адам каза болгондугун Орусиянын Санитардык-эпидемиологиялык кызматты билдиргенин Daily басылмасы жазган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM