Биз менен байланышыңыз

2018-жылдын 1-июлунан тартып жөлөкпулдун өлчөмү 33 %га жогорулатылган

Кыска кабар | 29 Апр 2019 | 713 | 0

2018-жылдын 1-июлунан тарта ай сайын төлөнүүчү социалдык жөлөкпулдун өлчөмү 33 %га жогорулатылган. Бул тууралуу  Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билди.

Маалыматка ылайык, майып балдарга жөлөкпул берүү төмөнкү тартипте белгиленген:

ВИЧ/СПИДге чалдыккан энеден төрөлгөн балдарга 3000 сомдон 4000 сомго чейин;

I топтогу тубаса майып балдарга 3000 сомдон 4000 сомго чейин;

II топтогу тубаса майып балдарга 2500 сомдон 3300 сомго чейин;

III топтогу тубаса майып балдарга 2000 сомдон 2700 сомго чейин;

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө өлкөдө 186 миңден ашуун ар кандай топтогу майып бар. Мунун 30 миңге жакыны — жаш бала.

Copyright © 2017 Maral FM