Биз менен байланышыңыз

СПИДге кабылгандардын көбү аялдар

Ден соолук | 29 Ноя 2018 | 985 | 0

Кыргызстанда СПИД илдетине кабылгандар арасында “феминизация” байкалууда. Тагыраагы, мындан 10 жыл мурда аялдарга караганда эркектер көбүрөөк катталса, акыркы маалыматтар боюнча СПИД илдетине кабылгандардын пайыздык көрсөткүчү аялдар арасында басымдуулук кылат.

Атын атагысы келбеген замандашыбыз 3 жыл мурда СПИД илдетине кабылган. Бул айыккыс дарт аны жолдошунан, кичүү уулунан ажыраткан. Жолдошу каза болуп, анын өлүм себептерин аныктамайынча, СПИД боюнча уккан дагы эмес. Маалыматы да жок болгон.

Башында бул дарт боюнча уккан эмесмин. Жолдошум ооруп каза болду. Текшеришсе, СПИД экен. Мындан улам бизди, балам үчөөбүздү да текшеришти. Кичүү балам экөөбүз да жуктуруп алганыбызды аныкташты. Башында шок болуп, эми өлүп калам го деп көп кыйналдым. Кыйынчылык көп болду. Бирок адам болгондон кийин үмүт үзүлбөйт тура.

Расмий маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күндө СПИД илдети менен 8679 киши катталган. Республикалык СПИД борборунун жетекчиси Үмүт Чокморованын айтымында, акыркы изилдөөлөргө ылайык, СПИДге чалдыккандардын арасында аялдардын басымдуулук кылганы байкалууда. Мисалы, 8-10 жыл мурда жалпынын 10% түзсө, азыр 60%га чейин өскөн.

2018-жылдын 1-ноябрына карата 8679 киши катталды. Алардын ичинен 1873 киши каза болгон. Акыркы учурларда жугуу жолдору өзгөрүүдө. Ошондой эле аялдар менен эркектер арасындагы айырмачылык байкалууда. Мурда 2010-жылы аялдар 10% түзсө, азыр 60%. Ал эми эркектер жаңы инфекция пайда болгондо 90% түзсө, азыр 40%.

Социалдык өнүгүү институтунун изилдөөсү боюнча СПИДдин аялдар арасында көп катталуусуна бир катар себептер бар. Анын катарында миграция да маанилүү орунду ээлейт. Фонддун жетекчиси Айжан Дооронбекованын айтымында, мигрант болуп келген эркек кишилер жуктуруп келип, аялдарына жыныстык жол аркылуу жуктурушу мүмкүн.

Азыркы учурда ийне аркылуу жуктургандар азайды. Жыныстык жол аркылуу жуктургандар көп. Бул бир гана белгилүү топтордун ичинде эмес, бардык жарандарга этияттык менен мамиле кылбаган учурда жугуп калуу коркунучу бар. Мунун ичинде мигранттар да саноого болот.

Мындан улам түшүндүрүү иштерин мындан дагы көбөйтүү керектигин “Сорос-Кыргызстан” фондунун коомдук саламаттык боюнча долбоорунун директору Айбек Мукамбетов белгилейт. Бирок ал үчүн кайрадан каражат маселеси туулат.

Бүгүнкү күнгө чейин кандай түшүндүрүү иштери жүрсө да, ушул убакытка чейин бул дарт боюнча билбегендер бар. Андыктан түшүндүрүү иштерин жакшыртуу керек. Азыркы учурда бангизат колдонгон, абактагылар менен иштөө менен эле чектелбей, жалпы түшүндүрүү иштерин алып баруу зарыл.

Эксперттердин айтымында, акыркы 14 жылдын ичинде бул илдетке кабылгандар 405 учурдан 8 миңди ашты. Бул 20 эсеге көп.

Copyright © 2017 Maral FM