Биз менен байланышыңыз

COVID-19 кан тамырларды жабыркатууда

COVID-19 кан тамырларды жабыркатууда. Бул тууралуу  Улуттук госпиталдын кан тамырлар бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Байсекеев билдирди.

«Улуттук госпиталдын кан тамыр хирургиясы бөлүмү март айынын аягынан баштап COVID-19 менен ооругандарга анализ жүргүзүп көрдүк. Жыйынтыгында, коронавирус менен ооругандардын көпчүлүгүнүн ички кан тамырлары жабыркаарын байкадык. Ошондой эле көздүн майда тамырлары да жабыркайт экен. Эл азыр бул вируска кайдыгер карап башташты. Эгер сактанбаса, ооруп айыккан күндө да, вирустун кесепети оор болуп калат. Учурда көпчүлүктө вирустан кийинки калыбына келүү процесси да оор болууда. Кан тамыр системасынын бузулушу ден соолукка өтө терс таасирин берет. Себеби, тамырлар аркылуу кан айлануу жүрүп, организм азыктанып турат».

Адамдын организминде артерия жана вена аттуу эки чоң кан тамыр системасы бар.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM