Биз менен байланышыңыз

Той кортежинин 2 унаасына 30 миң сом айып пул салынды

Кыска кабар | 26 Ноя 2020 | 376 | 0

Бишкекте той кортежинин 2 унаасына жол эрежесин бузгандыгы үчүн 30,5 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.

Социалдык тармактарда унаасынын алдыңкы жана каптал айнектерин караңгылатып, жол эрежелерин одоно бузган той кортежинин видеосу тараган.

Издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында 19 жаштагы Б. А. аттуу айдоочуга таандык 2 унаа кармалган. Айдоочуга карата Бузуулар кодексине ылайык 3 протокол түзүлүп, (ээнбаштык, терезелерин атайын караңгылатуу, мамлекеттик номери жок жүрүү) 30 миң 500 сом айып салынган.

Учурда бул видеодо тартылган калган автоунааларды аныктоо жана издөө иштери жүрүп жатканы кабарланды.

Милициянын кайгуул кызматы жол эрежелерин одоно бузган айдоочуларга мыйзам чегинде катуу чара көрөрүн эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM