Биз менен байланышыңыз

«Илияздын ырынын» автору Жолдошбек Бузурманкулов дүйнөдөн өттү

Кыска кабар | 25 Ноя 2020 | 892 | 0

Акын, журналист, милициянын полковниги Жолдошбек Бузурманкулов 74 жаш курагында катуу оорудан каза болду.

Жолдошбек Бузурманкулов 1946-жылы Талас районунда туулган. 1977-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин, 1987-жылы Ташкенттеги ИИМдин Жогорку мектебин аяктаган.

1969-2005-жылдары Ички иштер органдарында иштеген. Мындан тышкары Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын коомчулук менен байланыш бөлүмүндө, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин басма сөз кызматында да бир нече жыл эмгектенген.

Ички иштер органдарда иштеген жылдары министрликтин иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча алгылыктуу эмгек жасаган. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын комментарийлерин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык Кодексинин комментарийлерин да которуп, китеп кылып чыгарган. Ички иштер органдарынын кыргызча-орусча сөздүгүн, «Кыргыз милициясы» энциклопедиясын түзүүгө катышкан. 1980-жылы СССР Ички иштер министринин буйругу менен «Милициянын отличниги» ардактуу наамы ыйгарылган.

Жолдошбек Бузурманкулов жакшы акын катары да коомчулукка белгилүү. Акындын «Илияздын ыры», «30 жашар баланын экинчи каты», «Ысык-Көл», «Алгачкы махабат» сыяктуу бир катар ырларына обон жазылып, учурда эл арасында кеңири ырдалып жүрөт. Андан тышкары, «Курсанттардын маршы», «Милициянын маршы», «Өрткө каршы кызматкерлердин маршы», «Аскер маршы», «Түзөтүү кызматкерлеринин маршы» ырлары тармактары боюнча  салтанаттуу жүрүштөрдө аткарылып келет.

«Мажүрүм тал жап жаш эле», «Ыбрай Тойчиновдун ызгаарлуу тагдыры», «Белөрүктөн ааламга чейин», «Байлыгым — баскан жолум» сыяктуу бир нече китептин автору.

 

Copyright © 2017 Maral FM