Биз менен байланышыңыз

Инфляция 7,5 % деңгээлинде болору күтүлүүдө

Кыска кабар | 25 Ноя 2020 | 273 | 0

Жогорку Кеңеш 25-ноябрдагы жыйынында «Республикалык бюджеттин 2020-жылга карата долбоору жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоодо.

Финансы министри Кыялбек Мукашевдин маалыматы боюнча, өнөр жай тармагы 5 пайызга, тейлөө чөйрөсү 9 пайызга төмөндөшү күтүлүүдө. Курулуш тармагынын өсүү темпи 2,9%га, айыл чарбасыныкы 2,0%га азаяры болжолдонуп жатат. Натыйжада, 2020-жылы ички дүң өнүмүнүн көлөмү 5,3 пайыз, экономиканын реалдуу өсүүсү 5 пайызга төмөндөйт.

2020-жылы инфляция 7,5% деңгээлинде болору күтүлүүдө. Бул ата мекендик рыноктун товарларды импорттоого көз карандылыгы, каржы рыногунун  туруксуздугу, азык-түлүк товарларынын баасы өскөнүнө байланыштуу болот.

Социалдык чөйрөдө ИДПнын көлөмүнүн төмөндөөсү ар бир жанга эсептегенде белгиленген 1 490,9 доллардан 1 215,6 долларга чейин, 2021-жылы 1 534,8 доллардан 1 256,3 долларга чейин, 2022-жылы 1 581,2 доллардан 1 316,5  долларга чейин төмөндөөсү күтүлүүдө.

2020-жылы орточо айлык акы 18 миң сом, 2021-жылы 18 655 сом, 2022-жылы 19 420 сом болот.

2020-жылдын республикалык бюджетине  өзгөртүү киргизүү боюнча сунушталып жаткан долбоордо республикалык  бюджеттин кирешеси мамлекеттик инвестициялар грантын эске алганда 137 млрд. 131 млн сом деп болжолдонуп жатат. Бул такталган бюджеттен 1 млрд 784 млн сомго көп.

Республикалык бюджеттин  салыктык кирешелери бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруунун азыркы күтүлгөн аткарылышын эсепке алганда 96 млрд 895 млн сом  өлчөмүндө аныкталды. Бул такталган көрсөткүчтөргө салыштырмалуу 58,3 млн сомго көп.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM