Биз менен байланышыңыз

УКМК: Талас облустук ооруканасын оңдоодо баалар негизсиз жогорулатылган

Кыска кабар | 25 Ноя 2020 | 419 | 0

Талас облустук бириктирилген ооруканасынын оңдоо иштерин жүргүзүүдө аткарылган иштердин баасын жогорулатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жеке ишкананын  жетекчиси Д.А. аттуу жаран Талас облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгынын техникалык көзөмөл боюнча Ч.К. аттуу адиси менен сүйлөшүп алып, аткарылган иштердин баасын негизсиз жогорулаткан. Келтирилген зыян 900 миң сомдон ашкан.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши ачылган.

Учурда компаниянын жетекчиси Д.А. Талас облустук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Ал эми адис Ч.К. ооруп жатканына байланыштуу кылмышка шектүү болгондугу тууралуу кат берилип, суракка келүү милдеттенмеси алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM