Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Дагы төрт бейтап каза болуп, 378 учур жаңы катталды

Кыска кабар | 25 Ноя 2020 | 464 | 0

25-ноябрга карата Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы төрт бейтап каза болду. Жалпы өлүм учурлары 1245ке жетти.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 378 учуру катталды. Өлкөдө бул вирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 70 миң 744кө жетти.

25-ноябрга карата коронавирустан 455 адам айыгып, жалпы сакайгандар 62 миң 48ди түзүүдө.

Учурда стационарларда 2851 бейтап дарыланып жатат, анын ичинен 127 адам өтө оор абалда экени айтылды. Үй шартындагы дарыланууда 3832 бейтап бар.

Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алгандардын он бири — медицина кызматкерлери. Ошол эле акыркы суткада 8 кызматкер айыкты.

COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3842 учур катталды, алардын ичинен 3560 медкызматкер сакайды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM