Биз менен байланышыңыз

Кытай менен аба каттамдарын жандандыруу мүмкүнчүлүгү талкууланды

Кыска кабар | 25 Ноя 2020 | 504 | 0

Кыргыз өкмөтү Кытай тараптан кыргыз-кытай тилкесиндеги «Торугарт» жана «Иркештам» өткөрүү пункттарын толук кандуу иштетүүнү сунуштады.

Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэндин жолугушуусунда айтылды.

Элчи Кытай Өкмөтү Кыргызстанга коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн жакында дагы гуманитардык жардам көрсөтөрүн кабарлады.

Артем Новиков Кытай Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөшү болуп саналарын, кыргыз өкмөтү инвестициялык кызматташтыкты чыңдоого багыт алганын айтты.

«Мен өзүм соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын тең төрагасы катары, инвестициялык кызматташууну талкуулоо үчүн кытайлык бизнес өкүлдөрү менен жолугууга даярмын», — деди Новиков.

Ошондой эле «Торугарт» жана «Иркештам» өткөрүү пункттарынын толук кандуу иштеши жөнүндө маселе көтөрүп, бул жүк ташуучу унаалардын өтүү көлөмүн көбөйтүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Тараптар мындан тышкары, эки өлкө ортосунда жума сайын жарандык жана чартердик каттамдарды уюштуруунун негизинде, авиакаттамдарды кайрадан калыбына келтирүү мүмкүндүгү жөнүндө пикир алмашышты.

Copyright © 2017 Maral FM