Биз менен байланышыңыз

Өкмөт ишкерликти колдоодо эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну чыңдайт

Кыска кабар | 25 Ноя 2020 | 436 | 0

Өкмөт ишкерликти колдоого алууну кеңейтүү үчүн эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну чыңдоого аракет кылууда.

Аткаруу бийлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбор Азия боюнча директору Нил Маккейн менен жолугушту.

Анда Новиков Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын учурдагы портфели 330 млн долларды түзөрүн, мамлекеттик программалар боюнча 44 долбоор ишке ашырылып жатканын айтты.

«Биз үчүн сиздер тараптан ата мекендик ишкерлерге көрсөтүлүп жаткан колдооңуздар баалуу. Бул да биздин кызматташтыгыбыз үчүн чек эмес. Биргелешкен аракеттерибиз аркылуу сиздердин мүмкүнчүлүктү жана экономикалык абалды турукташтырууга багытталган программаларды интеграциялай алабыз», — деди Артем Новиков.

Аталган банк кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө, инвестициялык климатты жакшыртууга көңүл бурат. Бул милдеттер кыргыз өкмөтүнүн багытына да туура келет.

Нил Маккейн: «Келечекте Кыргыз Республикасында иштеп жаткан башка финансы институттары менен кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү бар», — деп белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар алардын аткарылышы үчүн ыкчам чечүүнү талап кылган биринчи кезектеги долбоорлорду талкуулады.

Copyright © 2017 Maral FM