Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстанда ишкер айымдардын 4%ы ачкан ишканасын кайра жабууга аргасыз»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Ноя 2020 | 379 | 0

Кыргызстанда ишкер айымдардын 4 пайызы ачкан компанияларын кайра жабууга аргасыз болот. Анын негизги себептеринин бири — убакыттан тартыштыгы. Бул тууралуу Аялдар арасында ишкердүүлүктү өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Асел Кубанычбекова «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Айымдардын көп убактысы эмгек акы төлөнбөгөн үй иштерине кетет. Натыйжада ишкердик жүргүзүүгө убакыт жетпей калат. Бул сыяктуу кыйынчылыктар абдан көп», — дейт Кубанычбекова.

Анын айтымында, өлкөдө аял менен эркектин коомдогу орду тең эмес. Аялдарда көптөгөн кыйынчылыктар бар. Бул жалгыз эле Кыргызстандагы көрүнүш эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM