Биз менен байланышыңыз

«Айымдар экономикага толук аралашса, өлкөнүн ИДПсы өсмөк»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Ноя 2020 | 345 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстанда ишкер айымдарга өз убагында жардам берүү керек. Мындай пикирин Аялдар арасында ишкердүүлүктү өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Асел Кубанычбекова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, дүйнөдө гендердик теңдикке жетишкен бир да өлкө жок. Бирок айымдарга өз убагында маалымат берип, колдоо көрсөтүлсө, мамлекет үчүн да пайда алып келген бизнес кура алат. Көпчүлүк учурда аялдардын потенциалы толук колдонулбай калат.

Мындан сырткары ишкер айымдарда каржылык ресурстарга мүмкүнчүлүк жок. Ошол себептен колдоо көрсөтүү үчүн субсидияларды кароо керек.

«Эгерде гендердик теңдикти орнотууну кааласак, өзгөчө айымдарга колдоо көрсөтүшүбүз керек. Экономика жаатында аялдар менен иштеген уюмдар аз, жокко эсе. Эгерде айымдар экономикага толук аралашса, өлкөнүн ИДПсы 5-12%га өсмөк. Айымдар ишкердикке кошулбагандыктан, дүйнө жүзү ири жоготууларга учурап жатат», — дейт Кубанычбекова.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM