Биз менен байланышыңыз

Текебаевдин мандатынан ажыратылышы мыйзамдуулукпу же куугунтукпу?

Жаңылык , Саясат | 24 Ноя 2020 | 1010 | 0

23-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу чечимин кабыл алды. Бул иш «Текебаевдин мандатын калыбына келтирүү БШКнын мыйзамдарына туура келбейт» деген негизде жарандык активист Темирлан Ормуков 16-октябрда берген арыздан улам каралды.

«Садык Шер-Нияз өзү айтты: «Мен Текебаевдин депутат болуп келүүсү үчүн арыз бердим», — деп. Депутаттык мандат каалаган учурда өткөрүп бергидей буюм эмес да. Текебаевдин мандатын калыбына келтирүүдө өзү алдырып ийген мандатты кайра берсе, анда бир жөн эле. Анын ордунда азыр Искендер Гаипкулов отурат», — деди Темирлан Ормуков.

Ал эми Өмүрбек Текебаев соттун акыркы чечимин саясий буйрук катары баалап, соттук отурумга катышпаганын, мындан ары Жогорку сотко, Конституциялык палатага барарын маалымдады. Анын айтымында, чечим 30 күндөн кийин күчүнө кирет.

Текебаевге карата чыккан соттун чечими саясатчылар, серепчилер тарабынан ар кандай сыпатталууда. Саясатчы Бектур Асанов Текебаев бийликтин акыркы иштерине каршы чыгып келген саясатчылардын бири экенин айтып, мындан улам аны бийликтен алыстатуу аракети катары баалады.

«Мандатын алып коюу чечимин саясий куугунтук деп баалайм. Менин пикиримде, бүгүнкү бийликтин жүргүзгөн саясатына каршы чыккандардын башында Текебаев турат деген күмөндү карманып жатса керек».

Белгилей кетсек, Башмыйзамды өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп, 17-ноябрда долбоору жарыяланган. Текебаев бул демилгеге каршы пикирин айтып, одоно мыйзам бузуулар менен жүрүп жатканын сынга алып келет. Ошондой эле, жаңы долбоордо президенттин укуктарынын ашыкча кеңейтилгенин, парламентаризмдин өнүгүшүнө көптөгөн тоскоолдуктар киргизилгенин билдирип, коомчулукту ага каршы турууга чакырууда. Анын мындай позициясынан улам саясий куугунтук башталды деген бүтүмдү саясатчы Исхак Масалиев да кубаттайт.

«Бул — күтүлгөн эле чечим. Ушул мезгилге чейин ким бийликке сын айтса, алардын иши терс жагына чечилип келген. Эгер бийликтин саясатын колдоп турганда бул чечим башкача чыкмак».

Ал эми мурдагы премьер-министр Садыр Жапаров «7-каналга» берген маегинде Өмүрбек Текебаевди Башмыйзамдын жаңы үлгүсүн коомчулукка туура эмес көрсөтүп, ага каршы турууга үндөп, бузукулук саясатты жүргүзүп жатат деп айыптаган. Анын 2010-жылдагы Конституцияны кабыл алуудагы ишин эске салып, анда да мандем жараткан көп жагдай бар экенин белгилеген.

«Текебаев 2010-жылдагы Конституцияны өзүнүн кызыкчылыгына бурмалаган. Мен соттордун бийликке көз карандылыгы болбошу үчүн бир нече сунуштарымды бергем. Аны алар четке кактырган. Эгер сунуштарым ишке ашканда, мени менен катар, Мамытов, Ташиев жана өзү да камалмак эмес. Текебаев азыр да элди бузуп жатат. Конституциянын «к-сын» билбеген жаштарды үгүттөп, ар кайсы жакта туура эмес маалыматтарды таратып жатат».

Белгилей кетсек, Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин VI чакырылышына депутаттык мандатын кайрадан 15-октябрда алган. Фракция мүчөсү Садык Шер-Нияз 12-октябрда депутаттык мандатынан өз эрки менен баш тартып, аны партия лидерине берүүнү БШКнын төрайымынан өтүнүп, арыз жазган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM