Биз менен байланышыңыз

Текебаевдин мандаты тууралуу сот түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 24 Ноя 2020 | 395 | 0

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин мандатынын алынышы тууралуу Бишкектин Административдик соту түшүндүрмө берди.

Мекеменин маалыматына караганда, сот Текебаевге 15-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан депутаттык мандаттын берилишин мыйзамсыз деп тапты. Анда БШК «Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын ченемдерин бузгандыгы айтылды.

Соттун жүйөсүндө, Текебаевге карата 2017-жылдын 16-августунда айыптоочу өкүм чыгарылган, буга байланыштуу, анын депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

2019-жылы Жогорку сот Текебаевге карата айыптоо өкүмүн жокко чыгарып, ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароого жөнөткөн. Боршайком Текебаевге депутаттык мандатын кайтарып берген.

Бирок ошол эле учурда, «Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 65-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, депутат мөөнөтүнөн мурда кеткен учурда, анын мандаты БШКнын чечими менен ошол эле тизмеден кийинки талапкерге гана өткөрүлүп берилет.

23-ноябрда акын Темирлан Ормуковдун Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын жокко чыгаруу боюнча арызы канааттандырылган. Ал Текебаевдин мандатынан ажыратуу арызын эми Жогорку сот, Конституциялык палата карай турганын билдирген.

Буга чейин Ормуков Боршайкомдун Өмүрбек Текебаевдин мандатын кайтарып берүү чечимин жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылган.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге 15-октябрда мандат берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM