«Чач» каймана аты менен таанымал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Эрнис Мурзахмедов тергөө аяктаганга чейин камакта калтырылды. Бул чечим 22-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан кабыл алынганын УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган, кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
УКМК Эрнис Мурзахмедовдун жана ага байланыштуу адамдардын кылмыш иштерин аныктоого багытталган тиешелүү чараларды улантууда.
20-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чүй облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Эрнис Мурзахмедовду кармаган.