Биз менен байланышыңыз

Конституциянын жаңы долбоору: Лингвистикалык эксперттик топ түзүлдү

Кыска кабар | 24 Ноя 2020 | 953 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгон буйрукка ылайык, «Конституция жөнүндө» мыйзам долбооруна жана Конституциялык кеңешме иштеп чыккан сунуштарга экспертиза жүргүзүү максатында лингвистикалык эксперттик топ түзүлдү.

Бул тууралуу президенттин расмий сайты кабарлады.

Лингвистикалык эксперттик топтун курамы:

— Султанбаев Абдыкадыр  —  Жогорку Кеңештин Аппаратынын лингвистикалык экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы, эксперттик топтун жетекчиси;

— Абдыжапар уулу Мундузбек — Өкмөттүн Аппаратынын канцеляриясынын лингвистикалык экспертиза секторунун башчысы;

— Абдысадыр уулу Азат — Президенттин Аппаратынын канцеляриясынын актыларды чыгаруу секторунун башчысы;

— Абыкеев Чолпонбек — жазуучу-котормочу (макулдашуу боюнча);

— Досалиев Турсунияз  — лингвист-котормочу;

— Ишекеев Назаркул  — Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы;

— Койчубакова Айнура — Жогорку Кеңештин Аппаратынын ченемдик актыларды иштеп чыгуу жана чыгаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

— Маразыков Турусбек  — филология илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча);

— Медералиев Жумабек  — Жогорку Кеңештин Аппаратынын котормо жана редакциялоо бөлүмүнүн башчысы;

— Сейдалиев Канатбек  — Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын башкы адиси;

— Сооронкулов Гүлжигит  — филология илимдеринин доктору, профессор, лингвист-котормочу (макулдашуу боюнча);

— Тагаев Мамед — филология илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча).

Copyright © 2017 Maral FM