Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик гимндин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев көз жумду

Кыска кабар | 24 Ноя 2020 | 638 | 0

Бүгүн, 24-ноябрда Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КРнын Эл мугалими, мамлекеттик гимндин авторлорунун бири, акын Шабданбек Кулуев 78 жашында көз жумду.

Шабданбек Кулуев 1942-жылы 1-январда Жумгал районунун Чаек айылында туулган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 1963-жылы Суусамыр районундагы мектептердин биринде мугалим болуп иштөөдөн баштаган. Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин 1969-жылы Жумгал районунун Жумгал, Фрунзе атындагы орто мектептеринде тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары, директор, 1990–2006-жылдары Жайыл районунун Түркмөн атындагы орто мектебинде математика мугалими болуп иштеген. Андан тышкары «Кыргыз туусу» гезитинде аймактык кабарчы болгон.

Бир нече орден-медалдар менен сыйланган.

Шабданбек Кулуев «Куланчы мерген», «Алас-алас», «Кийик-Сай» сыяктуу ыр жыйнактарынын, «Өмүр издери» мемуардык баянынын, «Мидин минткен экен» сатиралык аңгемелер топтомунун автору.

1992-жылы Кыргыз Республикасынын эл акыны Жалил Садыков менен биргеликте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнинин сөзүн жазган. Ушул эмгеги үчүн 1994-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер ардак наамы ыйгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM