Биз менен байланышыңыз

АКШнын жаңы мамлекеттик катчысы ким болот?

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Ноя 2020 | 286 | 0

АКШнын жаңы президенти Жо Байден мамлекеттик катчы кызматына эл аралык саясат маселеси боюнча көптөн берки кеңешчиси Энтони Блинкенди тандады.

«Блинкен глобалдык альянстар жана союздук алакалар боюнча мыкты адис катары белгилүү. Көпчүлүк АКШнын мамлекеттер менен ишенимдүү шериктеш катары имиджин калыбына келтирет жана өлкөнү эл аралык келишимдерге кайтарат деген үмүттө турушат», — деп жазат New York Times басылмасы.

58 жаштагы Энтони Блинкен мамлекеттик департамент үчүн жаңы адам эмес. Ал Барак Обаманын учурунда мамлекеттик катчынын орун басары болгон, бул багыттагы карьерасын Билл Клинтондун тушунда баштаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM