Бүгүн, 23-ноябрда Орозобек Мадинов аттуу жаран президенттикке катышуу үчүн берген арызын артка кайтарып алды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.
Маалыматтарга караганда 52 жаштагы Орозобек Мадинов адвокат болуп иштейт.
21-ноябрда Марат Кайыпов да президенттикке талапкер катары берген арызын кайтарып алган.
Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Ага катышуу үчүн башында 63 талапкер арыз берген.
Президенттик шайлоону, референдум жана жергиликтүү шайлоолорду өткөрүүгө 2020-жылдын бюджетинен 500 млн сом бөлүнгөн.