Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 21-ноябрда түнкүсүн жана күндүз өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10 … -15, күндүз -2 … -7 градус;
Талас облусунда түнкүсүн -12 … -17, күндүз -3 … -8;
Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн -5 … -10, күндүз 0 … -5;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3 … -8, күндүз 0 … 5 градуска чейин жылыйт;
Нарын облусунда түнкүсүн -9 … -14, күндүз -4 … +1.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы -12 … -14, күндүз -5…-7 градус болот.