Биз менен байланышыңыз

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү азаюуда

Кыска кабар | 20 Ноя 2020 | 381 | 0

Бүгүн, 20-ноябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 млрд 234 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Учурда суунун агып келиши секундасына 171 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 677 куб метрге жетүүдө.

30-октябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 млрд 854 млн куб метр болгон.

1-октябрда суунун көлөмү 15 млрд 201 млн куб метрди түзсө, 5-октябрда 15 млрд 194 млн куб метр суу бар болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM