Биз менен байланышыңыз

Ташиев эми чек араны делимитациялоо боюнча өкмөттөр аралык делегацияны да жетектейт

Кыска кабар | 20 Ноя 2020 | 1030 | 0

Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык делегацияны жетектей баштады. 19-ноябрда делегациянын жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жаңы жетекчи эки тараптуу кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандандыруу, коңшу мамлекеттер менен мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиялардын жумушун активдештирүү маселелерин талкуулады.

Аталган делегацияны буга чейин вице-премьер-министр Акрам Мадумаров жетектеп келген.

Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун 16-октябрдагы буйругу менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM