Биз менен байланышыңыз

Мамытканов: Максатыбыз — тарыхта биринчи жолу таза шайлоо өткөрүү

Саясат , Шайлоо-2021 | 19 Ноя 2020 | 895 | 0

Бүгүн, 19-ноябрда вице-премьер-министр Максат Мамытканов мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоону уюштуруу иштери боюнча маалымат жыйын өткөрдү. Анда шайлоону уюштуруу үчүн түзүлгөн штабдын жетекчилигине Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова да тең төрага болуп бекитилгенин маалымдады. Ошондой эле ал президенттик шайлоону уюштуруу боюнча штабдын негизги максаты Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу таза, ачык шайлоолорду өткөрүп берүү экенин белгиледи.

«Өкмөттүн токтомуна ылайык мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоону уюштуруу үчүн штаб түзүлүп, анын жетектөө мага жүктөлгөн. Мындан тышкары штабга менден башка да Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова тең төрага болуп бекитилди. Экөөбүз тең штабды жетектей турган болдук. Бул жакшы жөрөлгө, анткени шайлоонун так өтүшүнө БШК да, Өкмөт да биргелешип умтулуп жатабыз. Негизгиси алдыда боло турган шайлоону биз таза, ачык-айкын өткөрүп беришибиз керек. Биздин негизги максатыбыз: өз мөөнөтүндө өткөрүү, коопсуздукту камсыздоо жана коронавирустун жайылышына бөгөт коюу чараларын иштеп чыгуу. Ошондой эле эл шайлоонун жыйынтыгынан күмөн санабашы керек. Таза, ачык болот деген үмүттөбүз жана аны камсыздоого өзүбүздү шарттап жатабыз. Негизги максатыбыз: Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу таза, ачык шайлоолорду өткөрүп берүү». 

Өкмөт шайлоону уюштуруу үчүн атайын штаб түзүлдү дегени менен бул маселе шайлоо боюнча мыйзамда каралбаганын, штабдын эч кандай жоопкерчилиги жоктугун БШКнын мүчөсү Акылбек Сариев билдирди.

«Штаб уюштуруу иштерине жардам катары түзүлөт. Анткени шайлоо тилкелерин камсыз кылуу, каржылык жана техникалык жактан камсыз кылуу сыяктуу иштерге көбүнчө өкмөт жардам берет. Эми жанында болуп чогуу карашса, ылдамыраак, тезирээк аягына чыкканга көмөк бериши мүмкүн. Бирок, штабдын эч кандай жоопкерчилиги жок. Негизи ар кандай нерсени түзүп жатканда жоопкерчиликтен башташ керек. Аткара албай калса, кандай жаза каралат? Адегенде ошону кароо керек. А эгер эч кандай жоопкерчилиги жок болсо, кандай түзүлсө, эртең ошондой жоюлуп кетиши мүмкүн».

БШКнын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова шайлоону өткөрүү жана уюштуруу боюнча бир гана жоопкерчиликтүү орган Борбордук шайлоо комиссиясы жана анын алдында түзүлгөн аймактык участкалык шайлоо комиссиялары деп эсептейт. Анын айтымында, шайлоого Өкмөттүн тиешеси жок.

«Шайлоо комиссиялары жөнүндө мыйзамга ылайык, Өкмөт жана муниципиалдык органдар керектүү техникалык жана уюштуруучулук жактан жардам бергенге милдеттүү. Биринчиден, Өкмөттүн астында түзүлгөн штаб илгертен калыптанып калган бюрократиялык тажрыйба.  Экинчиден, кандайдыр бир мыйзам бузуулар, жетишпестиктер болсо, тез арада чечип турууга коммуникациялык жактан керектүү нерсе».

Ошондой эле шайлоо ачык, таза өтүүсү үчүн биринчи кезекте БШК мыйзам талаасында көз карандысыз элдин кызыкчылыгын жогору коюп иштеп, экинчиден, эл талап кылса, анда шайлоо мыйзамдуу ачык өтө тургандыгын кошумчалады. Ошондой эле болуп өткөн парламенттик шайлоо боюнча күнөөлүүлөр бүгүнкү күнгө чейин аныктала электигин сынга алды.

«БШК түздөн-түз чечим чыгарышы керек. Башкы прокуратура иштебей жатса, «Башкы прокуратура иштебей жатат, жоопкерчилигин карагыла», — деп Жогорку Кеңешке жөнөтүшү керек. Ички иштер министрлиги иштебей жатса, Өкмөткө жөнөтүшү керек. Эгерде БШК эч кандай иш алып барбай эле «бармак басты, көз кысты» кылып ишин уланта берсе, анда таза шайлоо өтпөйт. Мыйзамдуу таза шайлоо өтүшүнө өкмөттүн ошол Боршайком айта турган чараларынын алкагында гана ишмердүүлүгү керек. Андан кийин албетте, ИИМ менен Башкы прокуратура мыйзам бузуунун профилактикалык алдын алуу иштерин жүргүзүшү керек. Бирок, шайлоо бүткөндөн кийин бири-бирине оодарып создурбай, убагында чара көрүү — БШКнын милдети».

Октябрдагы өткөн шайлоонун жокко чыгарылышына алып келген факторлор аныкталбагандыктан жана андай болушуна алып келген аракеттер жокко чыгарылбагандыктан, алдыдагы шайлоо өзгөчө таза өтөт деген ишеним аз дейт саясат тануучу Эмил Жороев.

«Шайлоо башкача өтөт деген ишенимге маанилүү бир негиз жок. Анткени, парламенттик шайлоонун жокко чыгарылышы жана андагы бузуулардын чоо-жайы иликтенип, мыйзам чегинде иш-аракеттер болгон жок. Бирок, азыркы кездеги бийлик бир чети утурмдук макамга ээ болгондуктан, экинчи чети аралашма, ар кайсы топтордон, партиялардан өкүлдөр жыйналып келгендиктен мүмкүн кайсы бир деңгээлде буга чейинкидей бийликтин үстүнөн монополия орун албастыр. Андыктан бир кишинин таламын талашып, толук бойдон мамлекеттик машина ишке киришет, колдонулат дегенге эрте. Бирок, азыр де-факто лидер болуп турган Садыр Жапаровду колдоочулар жана сөзсүз президент кылууга умтулгандар өтө чоң күчкө ээ экендигин байкап турабыз».

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Ага катышуу үчүн 63 талапкер арыз берди. Аталган шайлоону, референдум жана жергиликтүү шайлоолорду өткөрүүгө 2020-жылдын бюджетинен 500 млн сом бөлүнгөн.

Copyright © 2017 Maral FM