Биз менен байланышыңыз

Коронавирус дагы бир мамлекетке жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Ноя 2020 | 308 | 0

Самоа мамлекетинде коронавирус инфекциясынын биринчи учуру катталды. Бул тууралуу «Samoa Observer» басылмасы жазды.

Өлкөнүн премьер-министри Туилаэпу Саилеле Малиелегаоинын айтымында, коронаивирус аныкталган адам деңизчи болгон. Ал Жаңы Зеландияда жайгашкан Окленд шаарынан Самоа шаарына деңиз аркылуу келген.

Ал экинчи жолу тест тапшырганда коронавирус бар экендиги аныкталган. Буга байланыштуу бейтап ооруканага жаткырылган.

Кошумчалай кетсек, Тынч океан аралдарынын биринде жайгашкан Самоа мамлекети COVID-19 инфекциясы катталбаган дүйнөдөгү аз сандуу өлкөлөрдүн бири катары саналып келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM