Биз менен байланышыңыз

Опера жана балет театрынын мурдагы директору кармалды

Кыска кабар | 19 Ноя 2020 | 393 | 0
Опера жана балет театрынын мурдагы директору Болотбек Осмонов

А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын мурдагы директору Болотбек Осмонов кармалды.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын маалыматына караганда, ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча айыпталууда.

Болотбек Осмонов пайдасыз келишим түзүп, мамлекетке 1 млн сомдон ашык зыян келтиргени кабарланды.

19-ноябрь күнү Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын аныктайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM