Биз менен байланышыңыз

Атамбаев айыпталып жаткан эки иш бириктирилди

Кыска кабар | 19 Ноя 2020 | 346 | 0

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылында жер тилкесин мыйзамсыз сатып алуусу боюнча соттук отурум өттү.

Сотто Мирлан Термечиков төрагалык кылууда.

18-ноябрдагы отурумда мамлекеттик айыпталуучулар аталган иш менен мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев фигурант болгон мыйзамсыз баюу боюнча ишти бириктирүүнү суранды.

Сот кеңешмеден кийин Атамбаев эки иште тең айыпталуучу болуп жаткандыктан ал иштерди бириктирүү чечими кабыл алынганын билдирди.

Буга чейин Башкы прокуратура УКМК менен бирге мыйзамсыз баюу беренеси боюнча кылмыш ишин иликтеп, соттун кароосуна жөнөткөн. Анда Шадиев менен Атамабев коррупция, мыйзамсыз баюу жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого шектелет:

-Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция, 5 млрд 439 млн 527,4 миң сом зыян келтирилген;

-225 млн сом кылмыштуу кирешени легалдаштыруу, ар кандай мүлк, компаниялардын үлүшүнө ж.б. ээ болуу аркылуу мыйзамсыз баюу (323 млн 704,2 миң сом);

-жалпы наркы 8 млрд 255 млн 146,4 миң болгон 7 миң 231 тонна сурьма, 265 кг алтын жана 4 миң 246 күмүш запасы бар «Терек» сурьма кенин мыйзамсыз ээлеп алуу жана коррупция;

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Атамбаев менен Шадиев жана башка адамдардын кылмыштуу аракеттеринен мамлекетке 13 млрд 694 млн 673,9 миң сом зыян келтирилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM