Урматтуу окурман! Келе жаткан парламенттик шайлоо алдында, эл арасында көптөгөн суроолор да, күмөндөр да, үмүттөр да байкалууда. Катардагы шайлоочуга бул шайлоонун маанисин так түшүнүүгө жана өз добушун туура колдонууга өбөлгө болсун деп, саясат таануучу Эмилбек Джураев тарабынан жакынкы убакта беш суроого жооп берген макалалар сериясы сиздерге сунушталат. Макалалар «Общее дело»/ «Жалпы иш» коомдук фонду тарабынан демилгеленип, elgezit.kg гезитинде жарыкка чыгууда. Бул макалаларда айтылган ойлор, албетте, авторго гана таандык.
Сериянын бешинчи макаласын назарыңызга сунуштайбыз.
Буга чейин төрт чоң суроого жоопторду сунуштап, келаткан шайлоодогу орчундуу маселелерге кайрылдык эле. Эми, шайлоо күнү босогодо турганда, эң негизги бир суроону карайлы – эмне үчүн шайлоого барып, добуш бериш керек?
Быйылкы шайлоо өзгөчө мааниге ээ экенин, өзгөчө чоң маселелер ушул шайлоонун жыйынтыгынан көз каранды экенин бардык жарандар байкаса керек. Ушул шайлоонун артынан коронавирус деген балээнин кесепетин кантип жеңебиз деген суроого жооп келет. Бул шайлоодон “уурулар, шылуундар” делгендердин тагдыры чечилет. Бул шайлоо кирип келаткан экономикалык кризиске каршы айлабызды чечет. Ушул шайлоодон – буга чейин болуп көрбөгөндөй – жаңылануу болоор же болбосу чечилет. Анан, ушундай маселелер турганда, сиз “башка ишим бар эле” же “уйкум канбай калды эле” деген таризде четте калып калбаңыз.
Биздин элде, маанилүү маселе коюлганда, балдардын келечегин ойло, ата-бабанын мурасын ойло деп калабыз. Анткени маданиятыбыз ошондой, жеке өзүбүздү эмес, башканы ойлоп, үй-бүлөнү ойлоп, келечекти же өткөндөрдү ойлоп жашаган элбиз. Шайлоо күнүндө да, албетте, туура келсе, ушул ойлорду бир эскерип койгон оң болоор.
Бирок, булардан да жакыныраак, өзүңүздүн эле эртеңки жашооңузду ойлогон дагы да орундуу. Алыскы келечектеги муундар өздөрү чечип алаар, өтүп кеткен аталар да кечирип койоор, алардын көзү кетти. Бирок бүгүнкү жашоо кыял же эскерүү менен өтпөйт. Эртен эле жумушуңуз кандай болот? Сиз же жакыныңыз сыркоолоп калса, дарылоо жагында быйылкы июль айындагыдай акыбал болбойбу? Балдарыңыз болсо, алардын мектеби, окуусу кайра кантип уланат? Үй-бүлөңүзгө ар күн алып келчү нандын, майдын баасы эки эселеп кетсе, жан багуу жагы кандай болот? Бир тууган, жакындарыңыз чет өлкөдө, тууган жерди сагынып, үй-бүлөсүн сагынып иштеп жүрсө, алардын өз жерине келүү жагын ойлонгон, кабатырланган бирөө барбы жогоруда? Тээ алыскыны эмес, ушундай конкреттүү, азыркы, бүгүнкү суроолорду ойлоп койгон зарыл. Ушуларды ойлоп койуп, шайлоо күнү үйдө кала берүү жарашабы?
Шайлоого барып, добуш берүү биздин өлкөдө жарандарга берилген укук. Бирок бул укуктун мааниси башкалардан бийигирээк: бул укукту колдонуу менен, киши жеке өзүнүн гана ыңгайын карабастан, бардык коомдун тагдырын чечет. Демек, укук эле эмес, бул чоң жоопкерчилик жана парз: ар бир жеке жарандын добуш берүүсүнүн натыйжасында, жалпы коомдун эртеси кандай болоору чечилет.
Добуш берүү укук болгондон кийин, мыйзам чегинде, барбай койуу үчүн эч ким жоопко тартылбайт. Бирок, баланча келбей калды деп шайлоо токтоп калбайт. 2015-жылкы шайлоого шайлоочулардын жарымынан бираз ашыгыраагы катышкан. Катышкандардын бир бөлүгү добуш берген партиялар 7% чекке жетпей калып, парламентке депутаттарды аттанткан добуштардын саны андан азыраак болгон – жалпы шайлоочу калктын 40%на да жеткен эмес. Эгер 25% эле шайлоочу добуш берсе да, мыйзамга ылайык, шайлоо орун алды делет. Ошондо, добуш бербей калган шайлоочулар кийинки беш жыл ичинде жөн гана унчукпаган байкоочу болуп калат.
Бизде бийликке болгон, депутаттарга болгон нааразылык, дооматтар көп айтылат. Бул шайлоодон кийин да айтылат. Бирок, эгер сиз шайлоого катышып, добуш салып койууга да аракет кылбаган болсоңуз, анда сиздин андай доомат, нааразылык айтууга акыңыз деле жок. Кудайдан бирөө кечке “жардам берип кой, кудайым, жакырчылыктан кыйналдым” деп жүрүп, оо дүйнөгө барганда жообун алган экен жараткандан: “сен жок дегенде бир лотерея билетин алсаң болот эле, пендем”. Анын сыңарындай, бийликтин жакшыруусун талап кылуудан мурда жок дегенде ошол бүлүтүн кагазды толтуруп урнага салып коюу оң го.
Ооба, бир сиздин жалгыз добушуңуз маселени балким чечпейт. Бирок, миллион добуш ошол бир-бирден салынган добуштардан куралат. Сиз ошол бир добушуңузду, демек, “бул менин эмес, жалпы өлкөнүн добушу” деп барып салыңыз. Сиздей болуп бардык мекендештер добушун салганда, чынында эле булар баары биригип бир өлкөнүн добушу болот. “Менин бир добушум эч нерсе чечпейт, барбай эле койойун” дегенден мурда, “мекендештердин көпчүлүгү мендей эле акылдуу, мендей айлакер да, алар да так ушундай ойлосо кандай” деп бир суроо салып алыңыз. Анда акылдуу, айласын айкын көргөндөр баары үйундө калып, акылы жогураактар, же добушун саткандар гана барып добуш берип калса кандай болот?
Добуш сатуу демекчи, бир топ коом арасында орун алган терс көрүнүштөр көпчүлүктү тойгузду. Ким менен сүйлөшсөң эле, “баары ууру, баары коррупционер, саткын, баары жанагы эле эскилер” деген эле доомат. “Өнүгүү жок, оңолуу жок, жаңылануу жок” деген ыйлаактоо. Эгер сиз, жана сиздей эле акылдуулар, булардын баарынан жадагандар, шайлоо болгондо добуш берип койгонго убакыт таппаса, тандоо күнүндө барып жакшыраак, жаңыраак, тазараак партияга добуш бербесе, анан ошол тазараак, жакшыраак бийлик кандай келмек эле? Уурулар, коррупционерлер кайда кетмек эле?
Эч аракет, кыймыл болбосо, эч нерсе өзгөрбөйт – бул эң жөнөкөй физика. Бийлик өзгөрүүсүн ишке ашыруунун, таасир этүүнүн бир нече жолдору бар, бирок алардын эң оңой, тынч, мыйзамдуу жана коркунучсуз жолу – добуш берүү. Шайлоо эмес, ыңкылап жолу менен барабыз десеңиз, ошого жараша тобокелчиликти да эсепке алуу зарыл. Эки ыңкылаптын натыйжасы анчейин чеке жылытаар деңгээлде болбой калды эле.
Эң акырында, шайлоо жолу да, ыңкылап жолу жарандын иши. Шайлоого баруунун, элдин катарында болуунун, бүлүтүн кагазын алып, он алты партиянын жана жалпы өлкөнүн эртеңкисине салым кошуп койуунун өзү өзгөчө бир жарандык сезим берет. Кечинде кичинекей балаңыз “ата, эне, кимге добуш бердиңер?” деп сураганда, кызыктуу, сыймыктуу, шыктандырчу жооп болобу сизде?
Шайлоого баруу керек! Туура тандоо керек!