Биз менен байланышыңыз

Парламент жана депутаттар керекпи?

Саясат , Шайлоо-2020 | 28 Авг 2020 | 475 | 0

Урматтуу окурман! Келе жаткан парламенттик шайлоо алдында, эл арасында көптөгөн суроолор да, күмөндөр да, үмүттөр да байкалууда. Катардагы шайлоочуга бул шайлоонун маанисин так түшүнүүгө жана өз добушун туура колдонууга өбөлгө болсун деп, саясат таануучу Эмилбек Джураев тарабынан жакынкы убакта беш суроого жооп берген макалалар сериясы сиздерге сунушталат. Макалалар «Общее Дело»/ «Жалпы Иш» коомдук фонду тарабынан демилгеленип, elgezit.kg гезитинде жарыкка чыкты. Бул макалаларда айтылган ойлор, албетте, авторго гана таандык.

Сериянын биринчи макаласын назарыңызга сунуштайбыз.

Биринчи суроо: Парламент жана депутаттар деги керекпи?

Жогорку Кеңешке шайлоо жакындаган сайын эл арасында «парламенттин кереги барбы деги?» деген суроо күч алууда. Башкаруунун, экономиканын, дегеле коомдук жашоонун ар тармагында маселелер ашып турганда, карапайым жарандын көз карашында, парламенттен эч алгылыктуу пайда болбой жаткандай, акча коротуп, саясый талаш-тартыштын очогу болгондон башка ролу жоктой көрүнөт. Анан, парламент калчу болсо, жок дегенде андагы депутаттардын саны азайтылсын дегендер андан көп. Бул баштапкы суроолорго жооп берилбесе, шайлоонун калганы маанисин жоготуп койчудай.

Жогорудагы талаптарды койгон, мыйзам чыгаруу бийлик бутагына нааразы болгон катардагы жарандарды түшүнсө болот. Бул талаптар конституциялык теорияны, эң артыкчылыктуу мамлекеттик түзүмдөрдү талдап чыккандан кийинки талаптар эмес. Булар коомдо байкалып жаткан көйгөйлөрдөн, бийликке – өзгөчө парламентке – болгон нааразылыктан, экономикалык кысталыштан, жана депутаттар арасында күнүмдүк түрдө байкалган туруксуздук, билимсиздик, бузукулук мисалдарынын негизинде пайда болгон жарандык терс реакция. Парламентти жок кылсак, же депутаттардын санын кескин азайтсак, натыйжада өлкө эмнеге ээ болот, бийлик кандай өзгөрөт деген суроонун үстүндө мындай талап койгондор ойлонгон деле жок.

Парламент институтунун маанисин туура түшүнүү үчүн, аны учурдагы кыргыз Жогорку Кеңешинин мисалынан сыртта караш керек. Парламент бүгүн дээрлик ар бир мамлекетте бар. Ал 1991-жылы Кыргызстан эгемендик алганда гана пайда болгон жок. Ал тургай, ал азыркы парламентаризмдин булагы делчү Британияда же демократияны дүйнөгө жайылтабыз деген Кошмо Штаттарда да пайда болгон жок. Парламенттер байыркы Афин мамлекетинде, байыркы Рим Республикасында орун алып, бийликтин төрүндө болушкан. Жалпысынан, кайсы гана коом болбосун, эгер анын бийлиги элдик болуп, республикачыл түрдө түптөлсө, ал коомдо бийликтин башатында парламент турган. Парламенти жок бийлик – бул султандык, диктатордук бийлик, андай бийлик үчүн эл букара, мамлекет анын менчиги, жана бийликке суроо койчу, талап кылчу эч ким болбойт.

Парламенттин негизги үч функциясы бар – мыйзам чыгаруу, эл өкүлчүлүгүн камсыздоо жана аткаруу бийлигин контролдоо. Бул функциялар үчөө тең чоң мааниге ээ. Андыктан, эскиден теорияда калыптанып калган «мыйзам чыгаруу бийлиги» деген терминди ашкере так түшүнүү туура эмес, ал парламенттин ишинин үчтөн-бирин гана чагылдырат.

Парламенттик контролдоо болбосо, аткаруу бийлигинин чечимдерин ачык, толук таразалап, анын иш жыйынтыктарына тиешелүү баа берип, алып барган саясатынын кемчиликтерин айгинелеп, эл алдында жоопко тартуу иштери болбой калмак. Бул парламенттин иши.

Эл өкүлчүлүгүн камсыздоо болбосо, жер-жерлердеги, жергиликтүү коомчулуктардагы, ар кандай кырдаалда пайда болчу маселелерди бийликтин алдына жеткирип, кандай маселелер өзгөчө маанилүү экенин бийликке аныктап, аткарылышын талап кылуу кыйын болмок. Парламентке чогулган депутаттар Кыргызстанда жашаган алты жарым миллиондой элдин баары тең бирдей бийликке кайрылуусу мүмкүн эмес болгондуктан өкүл болуп берүү вазийпасын алышат. Ар кимдин, ар топтун өз талабы, муктаждыгы, кызыкчылыктары болгон алты-жарым миллион калк, эгер расмий өкүлдөр делген депутаттар болбосо, бийлик менен байланыш түзүүсү мүмкүн болбой калмак.

Ал эми парламенттин үчүнчү функциясы – мыйзам чыгаруу – канчалык мааниге ээ экенин айтпаса да түшүнүктүү. Мыйзам болбой, мамлекет болбойт. Атайын мыйзамчы институт болбосо, анда аткаруу бийлиги өзү иштечү мыйзамын өзү жазып, өзү кабыл алып, өзү аткарчу болсо, кандай башаламандык, өзүм-билемдик, жоопкерсиздик орноп калаарын элестетип эле койуу жетишээр.

Демек, ушул негизги үчилтик ишин камсыздоо үчүн, парламент азыркы замандын мамлекети үчүн эбегейсиз зор мааниге ээ экенин так билүү, учурдагы нааразылык сезимине алдырбоо Кыргызстан үчүн зарыл нерсе. Албетте, бул үч функцияны айта баштаганда эле, «а кыргыз парламенти ушул иштерди канчалык аткарып жатат?» деген суроо жаралат. Жогорку Кеңештин кийинки чакырылыштары элдин купулуна толбогону, анын иши кескин терс бааланып жатканы, арийне, айдан ачык.

Бирок, ар кайсы маселеде анын тамырына, себебине кароо зарыл. Жогорку Кеңештин конкреттүү убактагы конкреттүү депутаттары, фракциялары начар иштеген болсо, ошол чакырылышты, анын мүчөлөрү, партияларын алмаштыруу же оңдоо керек; парламент институтун түбү менен жок кылуу чоң катачылык.

Мүчөлөр демекчи, экинчи бир айтылып жаткан талап – Жогорку Кеңештин депутаттар санын кыскартуу. Шайлоого аттанган партиялардын бири так ушул талапты өзүнүн орчундуу убадасы катары угуза да кетти. Калың эл айтса, бул талап – жогоруда каралган маселе сыяктуу эле – жөн гана адашуу десе болот. Партиялар айтса – бул жоопкерчиликсиз популизм.

120 депутат Кыргызстандай мамлекет үчүн аз да эмес, көп да эмес, эл аралык майданда орточо, оптималдуу сандагы кеңеш. Парламенттик башкаруу системасына умтулган мамлекет үчүн мүмкүн бул сан азыраак да болот, анткени толук парламенттик системада депутаттар аткаруу бийлик бутагына да көп тартылат.

Депутаттардын саны алардын арасындагы көз караштардын көп түрдүүлүгүнө өбөлгө болот, талаштуу маселелерде чечимди бурмалап кетүүгө тоскоол болот, тар жеке кызыкчылыктар оңой менен парламентте үстөмдүк орнотпошуна шарт, коомдогу ар түркүн маселелерди сапаттуу чагылдырууда, алар боюнча мамлекеттик саясатка түрткү берүүдө кошумча күч.

Депутаттардын саны азайганда эмне утуш болот? Бир аз акча үнөмдөө, дээрлик башка негиз жок. А чынында, карапайым эл канча акча кайсы максатта, кандай мекеме, институттар тарабынан сарпталганын билбейт деле. «Миллион» деген сумма жакыр элге ашкере чоң суммадай угулат;

бир канча миллион сом үнөмдөлөт экен деген ой менен депутаттардын жарымын азайтууну колдоодо. Бирок, бүтүндөй бир эгемен мамлекеттин экономикасын бир ууч депутаттын маяна-чыгашасын үнөмдөө аркылуу көтөрсө болот деген кандай гана чоң адашуу! Ошол депутаттардын санынан «үнөмдөлүп» калган акча бир заматта эле ар кандай башка мекеме, контора, департамент, сатып алуу жана башка бүдөмүк максаттарга кетип калаары турган нерсе. Ошо арзыбаган үнөмдөөдөн көрө, күчтүү, салмактуу парламент болгондо миллиарддаган уурдоолорго бөгөт коюлаарын, миллиарддаган инвестиция тартылаарын, учу-кыйыры жок элдин маселелери тыканыраак каралып, көбүрөөгү чечилээрин айтуу дурус болмок.

Депутат санын азайтабыз деген партиялардын кызыкчылыгы эмне?

Биринчиден, «үнөмдөйбүз» деп, популисттик ой айтып, элден оңой упай топтоо болушу мүмкүн. Үнөмдөө жакшы сөз, оңой айтылат, а мамлекетти өнүктүрүүнүн татаалыраак, өзөктүүрөөк жолдорун сунуштоо кыйын. Экинчиден, мүмкүн, бул партиялардын артында турган топтор үчүн чындап эле депутаттардын аз болгону ыңгайлуу, ар маселеде өздөрүнө керектүү чечимдерди өткөрүү жеңил болот. Үчүнчүдөн, мындай маселени көтөрүп чыккан партиялар чынында партия деле эмес, башаламан чогултулган кишилердин тизмегидир. Чыныгы саясий партиялардын тереңирээк, салмактуураак максаттары, программалары болот, партиялардан куралчу парламенттин курамын азайтуу чыныгы партиялар үчүн маанисиз да, максатка да каршы келчү сунуш.

Демек, жогоруда айтылгандын баарын жалпылап келгенде, Кыргызстанда парламент да керек, парламент депутаттарынын санын азайтпай калтыруу да керек. Парламенттин мамлекетте ойногон ролу эбегейсиз мааниге ээ. Ушундай маанилүү болгон эл өкүлдөр институту кичирейтилип, депутат саны бир ууч эле болсо, анда ал өзүнө коюлган иштерди толук кандуу алып баралбай калат.

Бул тыянактарга эң акырында дагы бир жүйөө келтирүү зарыл: ар кыска мөөнөт ичинде баш мыйзамды, башка мыйзамдарды, парламент жана өкмөт структурасын, бийликтин башка институттарын өзгөртө берүү фундаменталдык илдет, Кыргызстандын өнүгүүсүнө эң чоң тоскоолдуктардын бири, өнүгүүнүн ордуна стагнацияга камаган көрүнүш. Мыйзамдарды, структура, формаларды өзгөртө бербей, аларды бийлеген кишилерди, кадр сапатын өзгөртүү зарыл. Ошондо гана алгылыктуу алга жылуу орун алышы мүмкүн. Санын эмес сапатын кара, сырткы келбетин эмес ички маңызын жакшыртуу керек. Шайлоо ошол максатка карай бир мүмкүнчүлүк.

Шайлоого баруу керек, туура тандоо керек.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM