Биз менен байланышыңыз

Башмыйзам: Парламент өз бийлигин президентке бергиси келет

Саясат | 18 Ноя 2020 | 197 | 0

Кечээ, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин 80 депутаты «Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн референдум өткөрүү жөнүндө» мыйзам долбоорун демилгелеп, коомдук талкууга койду. Сунушталып жаткан жаңы мыйзам долбоорундагы негизги үч багыт: президент 5 жылдык мөөнөт менен 2 жолу шайланууга укуктуу; Элдик Курултай институтун ишке киргизүү; президент өкмөттүн курамын өзү дайындай алат деген бөлүмдөр коомчулукта кызуу талаш жаратты. Эксперттер мыйзам долбоорунун негизги максаты супер президенттик башкарууну алып келүү деп баалашууда.

Коомдук талкууга коюлган жаңы Конституциянын негизги мазмунун талкуулоодон мурда аны ким демилгелегенине жана мыйзам долбоорунун каралуу процесстерине көңүл буруу керек деп эсептейт юрист Таттыбүбү Эргешбаева. 

Анын айтымында, азыркы Жогорку Кеңештин жаңы Конституцияны демилгелеп чыгарууга эч кандай укугу жок жана мыйзам эл аралык ченемдерге дал келбеген жолдор менен сунушталып жатат.

«Жогорку Кеңештин 5 жылдык мөөнөтү 28-октябрда бүттү. Бирок, ага карабастан Жогорку Кеңеш бүгүнкү күндө өз ордунда отурат. Мыйзам боюнча парламент мамлекеттик Конституцияга кол салып, демилге чыгарганга эч кандай укугу жок. Жогорку Кеңеш өзүнүн моралдык талаптарын жокко чыгарган. Ошого карабастан, алар мыйзамдын үстүнөн аттап, демилге көтөрүп жатат. Бул боюнча мөөнөтү өткөндөн кийин ар бир кол койгон 80 депутат Кылмыш кодекси менен жооп берет деп ишенем. Экинчиден, мыйзам эл аралык мыйзамга дал келбеген жолдор менен сунушталып жатат. Жогорку Кеңеш жалпы ачык жыйында талкуулап туруп, анан чыгарышы керек болчу. Биринчи 60 депутат демилге бериши керек, 80 депутат «референдумга чыгарабызбы?» деген долбоор бериши керек болчу. Бүгүнкү күндө эки процедураны бир өткөрүп жиберип жатышат. Ошол эле учурда азыркы Башмыйзамдын биринчи, экинчи жана тогузунчу бөлүмдөрү эч бир учурда өзгөрүүгө учурабашы керек эле. Конституцияны референдумга мыйзамсыз чыгарып жатышат. Анткени, 2017-жылы Башмыйзам кабыл алынып жатканда, 3төн баштап, 8-бөлүмгө чейин гана өзгөртүүгө болот деп, толук референдум качан өтөрү жазылган эмес. Негизи Конституциянын сунушталышы өзу туура эмес».

Жаңы Конституция боюнча мамлекет башчы өкмөттүн ишине жоопкерчиликти өзүнө алып, өкмөт башчыны да, министрлерди да, мамлекеттик комитеттердин төрагасын да Жогорку Кеңештин макулдугу менен өзү дайындайт. Президент өзүнүн демилгеси же Элдик Курултайдын сунушу менен министрлерди жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилерин жумуштан алууга укуктуу. Мындан сырткары президент мыйзам долбоорун өзү демилгелеп, Жогорку Кеңештин кароосуна тараптардын катышуусуз эле сунуштай алат. Эгер президент кызматын тапшырган же башка бир жагдай жаралган учурда анын милдетин аткаруу өкмөт башчыга өтөт, ал да баш тартса, анда аны Жогорку Кеңештин төрагасы улантат. Өкмөттүн түзүмү президент тарабынан аныкталат. Өкмөттүн жыйындарына президент төрагалык кыла алат.

Конституцияны өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорунда күчтүү президенттик республикага айлануу болуп жатканын, парламентаризмди жок болду деп эсептөөгө толук болорун жана алдыда аталган долбоорго байланыштуу көп чыр-чатактар жараларын экс-депутат Исхак Масалиев билдирди.

Анын айтымында, Батыш өлкөлөрү жана Европа талап кылган парламентаризм, демократия деген ченемдер жокко чыгарылып жаткандыктан алдыда көп чыр-чатак жаратып, өлкөдөгү эл аралык институттар каршы чыгат.

«Биринчиден, бүткүл эл шайлаган президент аткаруу бийликти башкарат. Экинчиден, президентке мыйзам чыгаруу функциясы берилип, демилгечи катары мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Үчүнчүдөн, ички, сырткы саясатты башкарат деген укуктар берилип жатат. Анан толугу менен өкмөттүн планын бекитет. Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин укуктары төмөндөп кетти. Ал Өкмөттүн эч кандай отчеттун укпайт, карабайт, бекитпейт. Бир гана сотторду бекитет. Айрым кызматкерлерди бекитүүгө макулдук берет. Жаңы элдик курултай деген институт пайда болду. Элдик курултайдын мүчөлөрүн ким дайындап, ким шайлайт? Негизи эл өкүлү болгон Жогорку Кеңеш өзү элдик курултайдын милдетин аткарат. «Эгерде Президенттин жана Жогорку Кеңештин төрагасынын отчетун уга турган орган түзсөк, анда парламент керекпи же керек эмеспи?» деген маселе турат».

Жаңы сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда элдик бийлик катары Элдик Курултайды кеңешүүчү жана координациялоочу орган катары бекитүү каралган. Элдик Курултай президент, Жогорку Кеңеш, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен байланышта иш алып барат. Курултай өзүнүн төрагасынын, Жогорку Кеңештин төрагасынын, президенттин отчетун угууга мүмкүнчүлүк алат. Ошондой эле өкмөттүн жана анын курамындагы министрлердин иштери боюнча сунуштарды киргизе алат. Саясатчы Садык Шер-Нияз мына ошол элдик курултайдын мыйзам чыгаруу бийлигинин үстүнөн көзөмөл кылуусу тоталитаризмдин жана диктатуранын дагы бир механизми болот деп эсептейт.

«Бул Башмыйзамда бири-бирине туура келбеген структуралар жазылыптыр. Мисалы, Элдик курултай тууралуу айта турган болсок, Жогорку Кеңешти эл шайлап парламентке келсе, анын үстүнөн эмне үчүн бир орган карашы керек? Эмне үчүн ал жооп бериши керек? Элдик курултай кандай система, кандай принцип менен чогулат? Эгерде парламент отчет бере турган болсо, ал жакпай кала турган болсо, эмне болот? Беш жылга шайланган парламентти дагы кайсы орган көзөмөлдөйт? Мыйзам чыгаруу бийлигинин үстүнөн көзөмөл кылуусу тоталитаризмдин жана диктатуранын дагы бир механизми болуп калат. Бул деген — толук призиденттик диктатура. Бул деген — бир адамдын бардык бийликтин үстүндө үстөмдүгү деген сөз. Ошол эле учурда сот боюнча эч нерсе жок. Соттор ушул эле бойдон, керек болсо ушундан жаман таризде иштейт. Демек, Кыргызстанда таптакыр акыйкат болбойт. Президент сот да болот, мыйзам чыгаруу органы да болот. Бардык тарапта Президент өйдө болот». 

Ал арада «Мыйзам долбоору бир айдын ичинде Президенттик Аппараттын жетекчисинин орун басары Бектур Зулпуев жана Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн адвокаты Канатбек Азиз тарабынан жазылган», — деген кабар тарады. Ал жабык эшик артында жазылып, эч кандай элдин жана эксперттердин пикири суралган эмес. Ошол эле учурда айрым депутаттарга долбоордун өзү берилбей, «кол коюп бер» деген суранычтар болгондугу айтылууда. Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев 17-ноябрдын түнү Конституциянын өзгөртүлгөн вариантына кол койбогонун, Конституциянын автору экенин соцтармактан билгенин айтып чыкты.

«Конституцияны өзгөртүүчү топко кирүү, процессти ичинен көрүү, ал долбоорду жазып жатканда парламентаризмдин позициясын коргоо үчүн кол койдум. Кечээ долбоорду сураганымда, даяр долбоорду көрсөтүштү. Мен ошол эле жерден өзүмдүн каршылыгымды айтып, чыгып кеткем! Мен бир гана парламентаризмди колдойм жана бул позициямдан тайбайм!»

Ал эми саясатчы Равшан Жээнбеков ар бир кабыл алынып жаткан Конституция Венециялык Комиссиянын анализинен жана талкуусунан өтүп, ачык жазылышы керек деп эсептейт.

«Эгерде азыркы сунушталып жаткан Конституция ушул бойдон кабыл алынса, экономикалык абалыбызды, жумушсуздукту, жакырчылыкты, мамлекеттик башкарууну жана демократияны мындан да жаман жакка алып барат.  Биз дүйнөлүк коомчулуктун бир бөлүгү болгондон кийин, алар менен бирдей багытка жылышыбыз керек. Биз бүгүнкү күндө дүйнө кетип жаткан прогрессивдүү жолго эмес, караңгы жолго кетүүнү тандап алганыбыз туура эмес болуп жатат. Бийлик дайыма Конституцияны өзгөрткүсү келет. Бирок өзгөрүүнүн процедураларын туура кармануу керек».

  1. Конституциялык долбоор ачык жазылуусу керек, сөзсүз түрдө эксперттер, жарандык коомдун өкүлдөрү жана ЖМКлардын катышуусу менен;
  2. Долбоор сөзсүз түрдө алты айлык мөөнөттө талкууланышы керек;
  3. Эл аралык өнөктөштөрдүн ой-пикирлерин угуп, сунуштарын кабыл алуу керек;
  4. Андан кийин гана Башмыйзам кабыл алынса туура болот.

Долбоордо көрсөтүлгөндөй референдум кийинки жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен бирге өтөт. Муну өлкөдөгү экономикалык кырдаалдын оордугу менен байланыштырып, үнөмдөө максатында жүргүзүлүп жатканы айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM