Бишкектеги «Чынар» соода борборунда шектүү баштык табылгандыктан, соодагерлер жана кардарлар тышка чыгарылып, имарат курчоого алынды.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлагандай, 17-ноябрда саат 16.30 чамасында Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын нөөмөт кызматына соода борборлордун биринен шектүү баштык табылганы жөнүндө билдирүү түшкөн.
Окуя болгон жерге ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлери барышкан. Учурда «Чынар» соода борборунун аймагы курчоого алынды. Кызматкерлер жана кардарлар тышка чыгарылды. УКМКнын саперлору жеринде иштеп жатат.
Тиешелүү ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.