Кыргызгидромет борбору эртең, 18-ноябрда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаай турганын кабарлады.
Күндүз Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…-7;
Талас облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…-7;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5;
Баткенде түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6;
Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3 градуска чейин жылыйт.
Бишкекте 18-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз бир аз кар жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы түнкүсүн -9…-11, күндүз -2…-4 градус суук болот.