Ноябрь айында 20 миң адам пневмококк инфекциясына каршы эмделет. Бул тууралуу маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кабарлады.
Министрдин айтымында, калктын 13 %ы сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтөт. 17-ноябрга карата 300 миңге жакын адам мамлекет тарабынан, ошондой эле менчик клиникаларда акы төлөп, 6 миң 750 киши эмделди.
25-ноябрга чейин 550 миң доза вакцина келери күтүлүүдө. Ноябрь айында өнөкөт оорулары бар жана жашы 65тен ашкан 20 миң адамды пневмококк инфекциясына каршы эмдөө пландалган.