Биз менен байланышыңыз

Новиков: Жаңы Салык кодекси иштелип чыгат

Кыска кабар | 17 Ноя 2020 | 529 | 0

Жаңы Салык кодексин иштеп чыгууга атайын жумушчу топ түзүлүп, ага эки айлык мөөнөт берилди. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Өкмөткө караштуу Экономикалык реформалар боюнча кеңештин биринчи жыйынында айтты.

Ал жаңы Салык кодексин иштеп чыгуу жана кабыл алууга убакыт келди деп эсептейт. Салык кодексинин жаңы редакциясы бизнес коомчулук менен бирге талкууланып, коомдук талкуудан өткөрүлүп, Экономикалык реформалар боюнча кеңештин кароосуна киргизилет.

«Экономиканы өнүктүрүүдөгү маанилүү кадамдардын бири – бул: Салык кодекси. Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун туруксуздугун жана тутумсуз экендигин, салык төлөөчүлөр тарабынан нааразычылыктардын бар экендигин көрсөттү. Жаңы Салык кодексин иштеп чыгууга жана кабыл алууга убакыт келип жетти. Жаңы редакция эски мамилелерди жана  салык башкаруу ыкмаларын жоюп, ал түз таасир этүүчү мыйзам катары колдонууга жеткиликтүү болушу керек. Бир документте бизнес үчүн бардык салыкты жана социалдык төлөмдөрдү бириктирүү зарыл. Андыктан, түзүлгөн мекемелер аралык жумушчу топ 2 айлык мөөнөттө Салык кодексинин жаңы редакциясын даярдашы зарыл», — деди Артем Новиков.

Ал бизнести, инфраструктураны өнүктүрүү, ишканалардын жайгашуу орду жана профили боюнча сунуш-пикирлердин механизмдерин иштеп чыгууну сунуштады.

Жыйындын соңунда эки жумалык мөөнөттө экономиканын маанилүү тармактарын реформалоо боюнча сунуштарды даярдап, кеңештин кароосуна киргизүү чечими кабыл алынды.

Copyright © 2017 Maral FM