Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Кыргызстанда 122 бейтап өтө оор абалда

Кыска кабар | 17 Ноя 2020 | 450 | 0

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде коронавирустан дагы төрт адам каза болду. Анын экөө Бишкек шаарында, калганы Талас жана Чүй облусунда катталды.

Март айынан бери өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 1207ге жетти.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 486 жаңы учуру катталды:

— Бишкекте — 143 учур;
Ош — 22;
Чүй облусу – 137;
Ош облусу — 32;
Талас облусу — 18;
Нарын облусу — 7;
Ысык-Көл облусу – 42;
Жалал-Абад облусу – 49;
Баткен облусу — 36.

Өлкөдө коронавирус менен катталгандардын жалпы саны 67 миң 469га жетти.

Ооруканаларда 3138 бейтап бар, анын ичинен өтө оор абалда 122 бейтап бар. Үй шартындагы дарыланууда – 4100 адам бар.

17-ноябрга карата COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар 555 адам. Сакайгандардын жалпы саны 58 миң 315ти түзүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM