Биз менен байланышыңыз

«Медайымга рахмат айт» өнөктүгү башталды

Кыска кабар | 17 Ноя 2020 | 903 | 0

Саламаттыкты сактоо министрлиги «Медайымга рахмат айт» аталышында маалыматтык өнөктүк баштады. Ал 16-ноябрдан 21-ноябрга чейин болот.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму 2020-жылды медайымдардын жана акушерлердин эл аралык жылы деп жарыялады. Бул иш-чара Кыргызстанда медайымдардын жана акушерлердин эл аралык жылына арналган иш-чаралардын бир бөлүгү болуп саналат.

«Медайымга рахмат айт» маалыматтык өнөктүгүнүн алкагында жалпы маалымат каражаттарында жана коомдук жайларда социалдык жарнамаларды жайгаштыруу, медайым кесибинин өкүлдөрүнүн телерадио берүүлөрүнө катышуусу, социалдык тармактарда онлайн иш-чараларды уюштуруу пландаштырылууда.

Ошондой эле медайымдардын кесипкөй адистерин сыйлоо аземи уюштурулат.

2019-2023-жылдарга карата өлкөдө билим берүүнү жана медицинаны өнүктүрүү программасы бекитилген. Учурда саламаттыкты сактоо тармагында жүргүзүлүп жаткан реформанын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп, бейтаптарга стационарда жана үй шартында квалификациялуу жардам көрсөтө алган медайымдарды даярдоо керек.

Мындан тышкары, дарыгерлердин айрым милдеттерин медайым адистерине өткөрүп берүү пландаштырылууда.

Министрликтин маалыматына караганда, негизинен, эң көп таралган оорулардын, айрыкча жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу, эне жана баланын ден соолугуна жана паллиативдик бейтаптарга кам көрүүгө багытталган функциялар.

2020-жылы өлкөнүн калкына медициналык-профилактикалык жардамды 2 миң 428 акушер, 1 миң 450 фельдшер, 25 миң 597 медайым көрсөтүштү. Алар өлкөнүн саламаттыкты сактоо тутумунун кадрлык ресурстарынын көпчүлүк бөлүгүн түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM