Биз менен байланышыңыз

Өкмөт чалгындоо иштерине лицензия берүүгө мораторий киргизди

Кыска кабар | 15 Ноя 2020 | 401 | 0

Жер казынасын геологиялык изилдөө жана чалгындоо, алтын, күмүш жана жезди иштетүүгө байланышкан иш-аракеттерди лицензиялоого убактылуу тыюу салынды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров 13-ноябрда кол койду.

Бул буйрук учурдагы лицензиялардын мөөнөтүн узартууга жана жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны трансформациялоо боюнча жер казынасын өзгөчө укуктарына жайылтылбайт.

Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ала-Бука, Чаткал райондорунун эли менен жолугушуу учурунда мындан ары лицензия берилбей турганын белгилеп, буга чейин уруксат алган компаниялар ишмердүүлүгүн жүргүзө берерин кошумчалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM