Жыпаркул Тургуналиев президенттик шайлоого катышуудан баш тартты.
БШКдан билдиргендей, ал шайлоого катышуу максатында тапшырган документтерин кайтарып берүү өтүнүчү менен шайлоо комиссиясына кайрылган.
Тургуналиев Жыпаркул Тургуналиевич 1954-жылы 4-мартта туулган. «Элдик» көп тармактуу ишканасынын директору кызматын аркалайт.
Буга чейин Бакыт Бакетаев да шайлоого катышуу үчүн жазган арызын кайтарып алган.
Учурда талапкерлерди каттоо токтотулду. Жалпы 63 жаран катталды.
Каттоо аяктады. Президенттикке аттанган 63 талапкердин тизмеси