Жогорку Кеңештин депутаты, саясатчы Каныбек Иманалиев мурдагы Билим берүү жана илим министри, профессор Каныбек Исаковдун саясий эрки күчтүү, реформатор инсан болгонун айтат.
«Садык Шер-Нияз экөөбүз: «Мектептер үчүн 100 окуу китебинин атын жазып, бекитип бергилечи», — деп кайрылып, эки жыл бою Исаковго чейинки 2 министрге тең бекиттире албай койгондо, кийин ушу киши бекитип берди эле. Аны жоготуу өтө өкүнүчтүү. Бирок жашоо ушундай экен, жакшы менен жаман үзөңгүлөш жүрөт», — деди депутат.
Профессор Каныбек Исаков каза болду