Биз менен байланышыңыз

Профессор Каныбек Исаков каза болду

Кыска кабар | 12 Ноя 2020 | 8871 | 0

Мурдагы Билим берүү жана илим министри, профессор Каныбек Исаков мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу маалыматты анын жакындары ырастады.

Маалыматка ылайык, Исаков акыркы жылдары кант диабети менен жабыркап келген. Анын өлүмүнө ошол оорусу себеп болгону айтылууда.

Эскерте кетсек, профессор Каныбек Исаков 51 жашта болчу. Ал буга чейин Ош мамлекеттик университетинин ректору, Билим берүү жана илим министри кызматтарын аркалап келген.

XXI кылымдын агартуучусу, реформатор, палбан эле… (АГАЙды замандаштары эскерет)

Каныбек Исаков 2019-жылы, 24-сентябрда Марал радиосунун «Айлампа» уктуруусунда конокто болуп, жаңы министрлик жумушун эмнеден баштай турганы тууралуу кенен маек курган болчу. «Марал» радиосунун жамааты Исаковдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM