Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 14-ноябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.
Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар жаайт.
Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5;
Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5;
Жалал-Абад, Ош, Баткен аймактарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +3…+8;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +3…+8;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7;
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз +3…+5 градус болот.