Биз менен байланышыңыз

ДССУ: Кызамыктан каза болгондор көбөйүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Ноя 2020 | 392 | 0

Коронавирус пандемиясы, ага каршы күрөшүү башка ооруларга каршы эмдөөлөрдү жайлатты. Бириккен Улуттар Уюмунун айтымында, дүйнөдө кызамык оорусу 2019-жылы кескин жогорулаган.

Тагыраагы, өткөн жылы 869 миң 770 адам кызамык оорусун жуктурган. Бул — 1996-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч.

2016-жылдан бери кызамыктан каза болгондор эки эсеге көбөйдү, бирок көпчүлүк муну балдардын зыянсыз оорусу деп эсептешет. Өткөн жылы бул оорудан дүйнө жүзү боюнча болжол менен 207 миң 500 адам көз жумган.

Адистер мындай кырдаалды көпчүлүк балдар кызамыкка каршы MCV-1 жана MCV-2 вакциналарын өз убагында албагандыгы менен байланыштырат. Вирустун жайылышын токтотуу үчүн калктын 95 пайызы эмделиши керек. MCV-1 вакцинасы менен дүйнө жүзү боюнча адамдардын 85 пайызы эмдөөдөн өтүшү керек болсо, MCV-2 вакцинасы менен 71 пайыз адам эмделиши керек эле.

«Илим кызамык оорусун кантип алдын алууну эбактан бери билет. Баарын эмдөөдөн өткөрүү үчүн биз биргеликте иш алып барышыбыз керек», — деди Тедрос Гебресисус.

26 мамлекетте кызамыкка каршы 94 миллион адамды эмдөө карантинге байланыштуу кийинкиге калтырылган. Бразилия, Непал, Филиппин, Түштүк Африка, Конго, Нигерия, Эфиопия жана Сомали мамлекеттеринде эмдөө кайра башталды.

«Коронавирус өзү эле коркунучтуу оору, ошондой эле кызамык оорусу да көбөйүп, адам өлүмүнө алып келүүдө, бул оору да чекти билбейт»— деди Гейл Макговерн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM